• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте баңгизатын мыйзамсыз таратып, сатып өткөрүп жүргөн интернет-дүкөн аныкталды

20 Бештин айы 201911:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жана Чүй облусунда баңгизатын мыйзамсыз таратып, сатып өткөрүп жүргөн интернет-дүкөн аныкталды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

34 жаштагы А.И.нин үйүн тинтүүгө алганда ноутбук, катуу диск, Wi-Fi роутерлерин, флеш-карталарды, сим-карталарды активдештирүү үчүн аппарат, телефон, марихуана, шпирцтеги гашиш майы, ак түстөгү майдаланган зат, изолента, электрондук тараза, кол каптар, баңгизатын салуучу баштыкчалар, Кыргызстандын жана Орусиянын банктык карталары табылды.

Аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 219