• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте беш автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды (видео)

27 Үчтүн айы 2020 12:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жибек Жолу менен К.Акиев көчөсүнүн кесилишинде беш автоунаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 26-январда саат 15:30 чамасында болгон.

«Тойота Эстима» унаасынын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калгандыктан рулду башкара албай жол чырактын кызыл өңүндө токтоп турган унааны сүзгөн. Андан улам дагы үч унаа кагышкан.

Жол кырсыгынан «Тойота Камри», «Хонда Аккорд», «Хонда СРВ» унаалардын айдоочулары жана «Тойота Эстима» унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, бардык чогултулган материалдар ИИББнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 633