Бишкекте 4 миңге жакын абоненттин үйүндө газ 4 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Курманалиев жана Элебесов көчөлөрүндөгү түтүктөрдөн газдын чыгышын четтетүү иштерине байланыштуу “Красный строитель” шаарчасында жана шаардын Сары-Челек, айланма жол, Кыргызская, Логвиненко, Курманалаиев, Зеленая, Новая, Колхозная, Заводская көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө жана Коллективная, Аул, Новосельская көчөсү жана кичи Чүй каналы менен чектелген бөлүгүндө көгүлтүр от 24-27-ноябрь күндөрү жок болот.
Газ 3 миң 920 абоненттин үйүндө өчүрүлөт.