• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бишкекте Егор Паньшиндин жансыз денеси табылды

14 Тогуздун айы 201910:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Асанбай» кичирайонунда жайгашкан токой багында майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу, 44 жаштагы Егор Паньшиндин жансыз денеси табылды. Бул маалыматты 24.kg сайтына Октябрь РИИБнын басма сөз кызматы тастыктаган.

Анын мойнунда электр узарткычы оролуп, бир учу бакка байланып турган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өлүмдүн себептери дагы аныкталууда. Алдын ала маалыматка ылайык, Паньшиндин акыркы убактарда ишинде көйгөйлөрү жана карыздары болгон,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Егор Паньшин Кыргызстанда Encounter форматындагы укмуштуу, чыгармачыл, интеллектуалдык оюндарды негиздеп, шаардык түйүндөрдү өнүктүргөн.

Количество просмотров: 279