• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте эки унаа өрттөндү (сүрөт)

1 Жалган куран 2024 13:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө эки унаа күйүп кетти. Ал учурда тартылган видеолор соцтармактарда жарыяланды.

ӨКМдин билдирүүсүндө, Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун Ж. Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил 2 унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:19да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:48де өчүрүлдү.

Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жайда турган «Mazda» унаасынан өрт чыгып, өрттүн жалыны жанында токтоп турган «BMW X7» үлгүсүндөгү унаага өткөн. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 331