• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте эл ташыган микроавтобус кырсыктап, жети киши жаракат алды

29 Жетинин айы 2019 10:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эл ташыган микроавтобус кырсыктап, жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык Үмөталиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 9:00дөр чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа эл ташыган микроавтобус менен кагышкан.

«Stepwgn автоунаасынын 30 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, маршрутка менен кагышкан. Жети киши жабыркап, жерине Тез жардам кызматы барган. Жаракат алгандардын арасында жаш балдар жок», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 40