• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте футбол борбору Арча-Бешикке курулабы?

30 Бештин айы 2019 13:33 Бишкек Govori.TV

Эл аралык футбол федерациясынын грантынын эсебинен курула турган футбол борборуна берилчү жер такталды. Бул туурасында Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Футбол федерациясы Сокулук районунун айыл өкмөтү менен жер алууга макулдашты. Ал жер тилкеси Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Масалиев көчөсү жана Арча-Бешик конушунун кесилишинде жайгашкан.

Эске салсак, социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэринен футбол борборун курууга жер берүүсүн талап кылган флешмоб башталып, “Дордой” футбол клубунун күйөрмандарынын Instagram аккаунту аркылуу ири футболдук объектини куруу маселесине кайдыгер карабагандарды 30-декабрда саат 11.00дө Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын алдына чогулууга чакырышкан. 25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинде бул маселе каралган.  Бирок бийлик шаар куруу боюнча документтерге каршы келет деп федерация сураган жерди бере алган эмес. Улуттук команданын футболчулары буга нааразычылык иретинде Бишкекте ойногондон баш тарта тургандыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 125