• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат саткан жаран кармалды

24 Жалган куран 2023 9:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат сатуучу жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, узакка созулган иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 20 кг «Чарс» баңгизаты алынды.

2023-жылдын 7-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Курманжан Датка жана Волховская көчөлөрүнүн кесилишинен 1963-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан салмагы 8 килограммды түзгөн гашиш (афган чарс) баңгизаты алынган.

Кармалган А.Б. жашаган жеринде ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери кошумча 12 килограмм гашиш (ооган чарс) баңгизаты табылып, алынган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Атайын операциянын натыйжасында алынган баңгизатынын жалпы салмагы 20 килограммды түзгөн.

Количество просмотров: 268