• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 87 жаштагы кемпир каза болду

22 Бирдин айы 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 8-кичирайонундагы №20 үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, батирдин ичинде кийимдер, телевизор жана төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 87 жаштагы К.М. аттуу кемпир каза болгон.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө төрт бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 53