Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы катышкан 7 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Нур Сатыбалдиев бүгүн,28-январда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2 жол кырсыгында Кайгуул кызматынын кызматкерлери күнөөлүү болгон.
«2019-жылдын 31- октябрынан 2020-жылдын 27-январына чейин Бишкекте Кайгуул милициянын автоунаасы катышкан 7 жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктары «102» кызматына түшкөн чакырыктарга бара жаткан учурда болгон. Анын ичинен патрулдук милициянын кызматкерлери күнөөлүү болгон учур 2 жолу катталган. Калган 5 учурунда кызматкерлердин күнөөсү болгон эмес. Жол кырсыгында унаа жабыркаган учурда, анын чыгымын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жабып, кийин ал чыгым ошол кызматкердин эсебинен кайтарылат», — деп билдирди Сатыбалдиев.