27-28-июнда Бишкектеги кичи калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул дем алыш күндөрү “Азия Молл” соода борборундагы жана ЖЭБдин жанындагы “Глобус” гипермаркетинде жайгашкан кичи калкты тейлөө борбору иштебейт.
«Мындай чечим шаарда эпидемиологиялык кырдаал курчуганына байланыштуу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган»,-деп айтылат маалыматта.