• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды

11 Бирдин айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 9-февралында саат 7:45 чамасында Бишкек шаардык ИИБ нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардын биринен батирдеги чыгып жаткан катуу ызы-чуу тууралуу телефон чалуу кабыл алынган.

ИИМ кызматкерлери  жерине келгенде, мас абалындагы батир ээси Р.У. жана аны менен бирге турган Б.Ч. ортосунда уруш чыкканы аныкталды. Батирди тинтүү убагында саат орнотулган механизми бар, колго жасалган жардыргычка окшогон куту табылган.

            УКМК кызматкерлери менен биргеликте кутуну кароодо ал муляж экендиги табылды. Р.У. айтымында муляж тааныштарын тамашага салуу максатында жасаган.

Тинтүүнүн жыйынтыгында башка тыйуу салынган заттар табылган эмес.

Муляж табылган факт боюнча Бишкек шаардык ИИБ тарабынан материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-б. (Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу, КР УКМК, ар бир жасаган иш-аракеттерди жана алардын кесепеттери канчалык олуттуу экенин эске алууга чакырат. Мындай бейбаштык жоруктар укук коргоо органдарына кошумча күч жана каражаттарды коротуп жаткандыгын эскерет.

Ошондой эле, терроризм актысы тууралуу жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жарандар КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

Количество просмотров: 215