• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте коронавирус боюнча суроолорго жооп берген тынымсыз байланыш линиясы ачылды

27 Үчтүн айы 2020 15:20 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча суроолорго жооп берген тынымсыз байланыш линиясын ачты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар 0 (312) 32-30-55, 0 (312) 32-32-02 жана 0 (550) 03-36-07 номерлери аркылуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине байланышса болот.

«Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, «Манас» жана «Ош» аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдары убактылуу токтотууну чечти. Учурда штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат»,-деди Жороев

Количество просмотров: 129