• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте кудуктан адамдын жансыз денеси табылды

17 Бирдин айы 202312:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте канализациялык кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун Кривоносов көчөсүндө жайгашкан кудуктан 40-45 жаштагы эркек киши табылган.

Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда адамдын өздүгү жана өлүмүнүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 207