• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте курулуш компаниялары катышкан эл аралык форум өтүүдө

18 Чын куран 2023 13:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте “Курулуш, энергетика, атайын техника, коопсуздук” эл аралык конгресс-көргөзмө форуму старт алды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Европа жана Түштүк Азия сыяктуу 11 өлкөдөн 60 компаниянын өкүлдөрү катышууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов көргөзмөнүн расмий бөлүгүн ачып жатып, Кыргызстанда ишкердик жүргүзүү үчүн либералдуу шарттар түзүлгөндүгүн айтты.

«Курулуш тармагы ИДПнын 9,6 пайызын түзөт. Жылдан жылга министрлер кабинети экономикалык жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууда. Ал ушундай масштабдуу, универсалдуу жана жеке көргөзмөлөрдү өткөрүүгө мүмкүндүк берет”, — деди Баясов.

Форум 20-апрелге чейин созулат.

Количество просмотров: 57