• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкекте пенсионерлерге бекер азык-түлүк берилип, чогулгандарды милиция таратууда

24 Жалган куран 202019:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарында акция уюштурулуп, пенсионерлерге азык-түлүктөр бекер таратылып, чогулгандарды укук коргоо органдары таратууда. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Акция «Айчүрөк» соода борборунун аймагындагы Шопоков көчөсүндө өткөн. Анда пенсиялык күбөлүгүн көрсөткөндөргө бир себет азык-түлүк бекер берилген.

Күбөнүн айтымында, керектүү азыктар үчүн келгендердин саны көп болгондуктан баардыгына жеткен эмес. Ошентсе да чогулгандар тарабай, укук коргоо органдары аларды таркатууга мажбур болушкан.

https://t.me/oppa_kg/88



Количество просмотров: 320