• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте үрөй учурган кырсык катталды (видео)

26 Кулжа 2020 18:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Govori.TVга Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 26-июнда саат 15:30дар чамасында катталган.

«Патруль” ыкчам жооп берүү тобунун автоунаасы (ГБР) «Тойота Камри 50″ машинесин сүзгөн. Күбөлөрдүн айтымында, атайын кызматтагы унаанын айдоочусу салондо кыпчылып калган абалы оор. Экинчи кызматкер дагы жабыркаган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү иштери жүруп жатат.

Количество просмотров: 63946