• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды

11 Чын куран 202023:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын видеосу «Короче» Телеграм-каналына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 11-апрелде Тунгуч кичирайонунан анча алыс эмес Ауэзов көчөсүндө болгон. Видео материалдан  унаалардын тетиктери туш тарапка чачырап, бир унаа аңтарылып калганын көрүүгө болот.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы билдиргендей, окуя болгон жерде Тез жардам кызматы чакырылган. Бир адамдын абалы оор болсо, дагы үч киши өтө оор эмес жаракат алган.

https://www.facebook.com/LiveTalant/videos/1092598284454278/

Количество просмотров: 17636