• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте санитардык эреже бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды

17 Баш оона 2020 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган кафелерге 46 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, санитардык нормаларды бузгандардын арасында «Кайнар», «Палацио», «Сары Өзөн» ресторандары, «Абстракт» кафеси, Турусбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркети, «Даамдуу» тез тамактануучу жайы бар.

«Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 90 чарба субъектиси текшерилип, Бузуулар кодексинин 293-беренеси боюнча 46 миң сомго 12 протокол толтурулду»,-деп айтылат маалыматта.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номери: 0 705 564 756.

Биринчи май району: 0555 404 818;

Свердлов району: 0551 551 745;

Октябрь району: 0 500 210 470;

Ленин району: 0500 085 580.

Количество просмотров: 418