• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте терминалды уурдаган шектүүлөр кармалды

13 Чын куран 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда ичинде акча сакталган терминалды уурдап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардын комендатурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иштеринин жүрүшү менен Свердлов РИИБдин криминалдык милициясы тарабынан шектүү катары 1997-жылы туулган М.К., 1990-жылы туулган К.Ш. жана 1991-жылы туулган Ж.К. кармалды. Алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси да текшерилет.

Эске салсак, 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин арызында жазган. Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 267