Бишкек шаарындагы Исанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде «Тез жардам» кызматынын унаасы менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
«Тез жардам» унаасы менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсыкта жабыркагандар жок. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, чогултулган материалдар тийиштүү бөлүмгө өткөрүлүп берилди, -деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ жакында Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде «Тез жардам» кызматынын унаасы менен «Сузуки» үлгүсүндөгү минивэн сүзүшүп, 2 киши жабыркаган.