• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте той кортежинин айдоочуларына 30 миң 500 сом айып пул салынды

26 Жетинин айы 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үйлөнүү той кортежинин 2 унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернет социалдык тармактарда алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, каттуу үн менен жол эрежелерин одоно бузган той кортежи тууралуу видео тараган.

«Бул авто унааларга чара көрүү боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында 2001-жылы туулган Б. А. аттуу айдоочуга таандык болгон эки унаа кармалып, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык 3 протокол түзүлүп, (авто ээнбаштык, терезелерин атайын караңгылатуу, мамлекеттик номери жок) жалпысынан 30 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, каттуу чара көрөөрүн алдын ала эскертет.

Количество просмотров: 368