Бишкектеги Горький көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, толугу менен саат 10:52де өчүрүлдү.
Такталган маалымат боюнча, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 80 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана шыбы күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.