• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте унаа сырдоочу жайдан өрт чыккан

13 Үчтүн айы 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Баха менен Береговой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа сырдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган.

«Тилсиз жоо саат 13:25те чектөөгө алынып, 14:01де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен унааларды оңдоп-сырдоо цехинин 50 чарчы метр кампасы жана унаа тетиктери күйүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 141