• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды

15 Жетинин айы 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14 ноябрда болжол менен саат 21:00 чамасында Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Л. Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен «Toyota Land Cruiser » үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда 2001-жылы туулган Ю. Б. аттуу айдоочу өзүнүн авто унаасынын мыйзамдуу номурун катып, башка жасалма номур менен унааны айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча авто унаа айып төлөөчү короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочуну Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 128