• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте жеңил унаа менен скутер кагышып, 5 жаштагы өспүрүм жабыркады

5 Баш оона 202017:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жеңил унаа менен скутер кагышып, 5 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 5-августта болжол менен саат 12:00 чамасында Салиев көчөсү менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота үлгүсүндөгү автоунаа менен скутер кагышып, атасы менен скутерде бараткан жаш бала оор жаракат алган.

«Скутердин айдоочусу менен өспүрүм ооруканага жеткирилди. Учурда скутер менен автоунаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 122