• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкекте жумуш издегендер үчүн вакансиялардын жарманкеси өтөт

6 Бирдин айы 20209:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында вакансиялардын жарманкеси болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке 7-февраль күнү саат 13:00дө Айтматов проспектисинде жайгашкан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт.

Анда жумуш издегендер вакансияларды караштырып, иш берүүчүлөр менен маектешип, резюме жазганды үйрөнүшөт.

Бардык суроолор боюнча 0 (312) 30-37-48, 30-37-44 байланыш номерлерине чалууга болот.

Количество просмотров: 186