Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында белгисиз адамдар жыгачтан жасалган кыргоол түрүнө кирүүчү кооз жүндүү куштун скульптурасын өрттөп кетишти. Бул тууралуу «Бишкекзеленхоздун» маалымат катчысы Аида Айдаралиева жеке баракчасына жазды.
«Скульптураны белгисиз жарандар өрттөп жиберишкен. Эмнеге экени белгисиз. Аны өрттөөнүн эч кандай мааниси жок болчу. Тополоң учурунда өрттөлдү дейин десек, андай эмес» — деп жазган ал.
Кошумчалай кетсек, скульптура аталган бульварда 2018-жылдан бери турган.