• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жылынуу пункттарына 300дөн ашык киши кайрылды

12 Үчтүн айы 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Катуу суукка байланыштуу уюштурулган Бишкектеги убактылуу жылынуучу чатырларга 11-январдан бери 380 киши кайрылды. Бул тууралуу ӨКМнин жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын Ыкчам бөлүмүнүн башчысыТаалайбек Айткулов Govori.TVга билдирди.

Бишкекте ичине меш коюлуп, ысык чай берген жалпы 11 чатыр тигилген. Ага көчөдө суукта үшүгөн жарандар кирип жылына алышат.

Убактылуу жылынуучу чатырлар Свердлов районунда, Ленин районунда, Октябрь районунда жана Биринчи май районунда жайланышты.

9-январдан бери өлкөдө суук күчүнө кирип, Бишкекте абанын температурасы күндүз -15, түнкүсүн -20 градустан төмөн болууда. Транспорт жана байланыш министрлиги зарыл иш болбосо айдоочуларга тоолуу аймактарга жолго чыкпай турууну сунуштап жатат.

Количество просмотров: 123