• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектеги “Алькони” заводунда өрт чыкты

31 Жалган куран 202310:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Алькони” заводунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМге заводдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат бүгүн, 31-мартта саат 03:10 чамасында түшкөн.

Жерине 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, штаб, суу ташуучу унаа, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам кызматы тартылган.

Өрт саат 05:55 чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Министрликтен белгилешкендей, учурда өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө.

Количество просмотров: 138