• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкектеги таштанды полигонунда иштегендерге ун таратылды

13 Баш оона 202014:03 Бишкек Govori.TV

Муфтий Максатбек Токтомушевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын таштанды полигонунда иштеген жарандарга ун таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-августта муфтийдин демилгеси менен Бишкек шаарынын четинде таштанды полигонунда иштеген жарандарга кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эсепчиси Султан Момунов полигондо таштанды терип, күнүмдүк оокатын өткөрүп келген 60 үй-бүлөгө 10 килограммдан ун таратты.

«Мындай кайрымдулук иш-чарасы дагы уланып, кийинкисинде 100 үй-бүлөгө берилмекчи», — деп айтылат муфтияттын маалыматында.

Количество просмотров: 126