• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги жол кырсыгы: Жабыркагандардын бири ырчы Асел Кадырбекова 

27 Кулжа 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, учурда ооруканада. Бул маалымат ырчынын достору тарабынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Кадырбекова Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда даарыланууда.

Эске салсак, жол кырсыгы кечээ, 26-июнда саат 15:47де Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда ГБР атайын тобунун кызматтык унаасы “Хонда Одиссей” унаасы катуу ылдамдыкта “Тойота Камри 50″ унаасын сүзгөн. Атайын кызматтагы унаанын айдоочусу салондо кыпчылып калган абалы оор. Экинчи кызматкер дагы жабыркаган. Ал эми сүзүлгөн унаадан аял киши жабыркаганы айтылган.

Количество просмотров: 21308