• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкектен Анталияга авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда

5 Чын куран 202317:49 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 15-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Анталия – Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирет.

Маалыматка ылайык, чартердик каттамдар Бишкектен Анталияга жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 7 туруктуу каттам аткарылып келген.

Количество просмотров: 76