Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык шаардагы Токтогул көчөсүнө жети аялдама орнотулат.
Маалымаька ылайык, аялдаманын дизайнын «Бишкекбашкыархитектура» иштеп чыккан. Алар Токтогул көчөсүнүн Үсөнбаев, Раззаков, Логвиненко, Исанов, Коёнкөзов көчөлөрү жана Эркиндик менен Жаш гвардия проспектилери менен кесилишкен жерине коюлат.
Бюджетти үнөмдөө үчүн аялдамалар ижарага берилет. Андан сырткары, таштанды челектер менен орургучтар ижарага алгандардын эсебинен жасалат.
Мэриянын маалыматына караганда, кийин Токтогул көчөсү менен коомдук транспорт көп каттай баштайт.