Бишкек шаардык сотту журналист Болот Темировдун камакка алынышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Facebook баракчасына Нурбек Токтакунов билдирген.
Ал эми Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы билдиргендей, райондук соттун чечими өзгөрүүсүз калтырылды, даттануу арызы канааттандырылган жок.
“Бирок Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматынын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын бузганы аныкталды, ошондуктан ал адамдарга карата жеке аныктама чыгарылды”, — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 23-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту журналист Болот Темировду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон жана анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Темировду күч кызматкерлери 22-январь түнү милиция кызматкерлери келип кармап кеткен.