• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Борбор калаада 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилет

5 Жалган куран 2020 18:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук акимчилиги 2020-жылдын 1-июлуна чейин митингдерди өткөрүүгө чек коюу чечимин кабыл алды.

Чечимде айтылгандай, акимчиликке жарандардан, коомдук уюмдардан аянттарда, борбордук көчөлөрдө, муниципалдык мекемелердин имараттарынын жанында тынчтык митингин өткөрүү суранычы түшөт.

«Митингдер баш калаанын күнүмдүк турмушунун туруктуулугуна тескери таасир тийгизет. Практикадан белгилүү болгондой, акциянын уюштуруучулары миңдеп чогулган адамдарды тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй албайт. Натыйжада башаламандык пайда болот. Жол кыймылына тоскоолдуктар жаралып, тыгындар жаралат», — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.

Митингдерге чектөө киргизүүнүн дагы себебин райондук бийлик коронавирустун жайылышына байланыштырат.

«Жарандарга эл көп чогулган жайлардан оолак болуу зарылдыгы айтылган. Ошондуктан массалык чогулууларды чектөө зарыл», — дейт Биринчи май райондук акимчилиги.

Булак: «Марал»

Количество просмотров: 98