• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Боронов: Өпкөсү сезгенген бейтаптардын көбөйүшү кырдаалды курчутту 

7 Теке 2020 15:07 Бишкек Govori.TV

Өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, республикада эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат.

“Айрым учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 500гө чейин жетүүдө. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен өпкөсү сезгенген бейтаптардын санынын көбөйүшү кырдаалды мурдагыдан дагы курчутту”, — деди Боронов.

Анын белгилегендей, мунун баары коронавирус инфекциясынын жана өпкөнүн сезгенишинен улам жарандардын күнүгө каза болушуна алып келди.

“Пандемияны эске алуу менен, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам ата мекендик саламаттык сактоо системасына болуп көрбөгөндөй күч келгенин моюнга алышыбыз керек. Кырдаал өтө оор жана татаал, ал үчүн биздин жоопкерчилигибиз бар. Учурда жарандарыбыз ооруканалардан медициналык жардам алууда кыйынчылыктарга туш келүүдө. Ооруканалардагы кезек күтүү жана бейтаптар үчүн даярдалган орундардын тез толушу — бул бүгүнкү күндүн чындыгы”, — деди Боронов.

Премьер-министр кошумчалагандай, күн сайын элди дарылоо үчүн жаңы орундуктар түзүлүп, күндүзгү стационарлар ачылууда.

Количество просмотров: 42