• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

2 Теке 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды.Бул тууралуу ӨКМдин  маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү саат 21:25те Чүй каналында белгисиз жарандын жансыз денеси агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, европа улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Количество просмотров: 112