Бишкек. 16.01.2019.Govori.TV.
Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов талапка ылайык келбеген кийими үчүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынан чыгарылды.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аны ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган.
Жыйындан кууп чыккан окуялар коомчулукта буга чейин деле болуп келген. Учурдагы президент, мурдагы Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамкурулуштун башчысын жыйындан кууп чыккан эле.