Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV
КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлердин бири Чынар Капарова аталган кеңешке ошол чөйрөнүн көйгөйүн түшүнгөн адам келиши керек деп эсептейт.
“Коомдук каналга негизинен анын ашканасын жакындан билген, анын ысык-суугун көргөн адамдар келип иштесе мен өзүм дагы колдойт элем. Тилекке каршы байкоочу кеңештин бүгүнкү ишине көзүм тойбойт. Анткени көпчүлүк адамдар жыйналышка келип кетүү менен эле алектенип күнүн өткөрүп атат окшойт. Ошон үчүн байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө барып, КТРКнын өнүгүшүнө кимиси кандай салым кошуп атат, кандай маселелер көтөрүлүп жатканын, ушул нерселердин бардыгын өзүмдүн жон терим менен сезгим келип турат”,-дейт Капарова.
Кошумчалай кетсек, байкоочу кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Жунушалиеванын ордуна Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев талапкерлигин көрсөтүүдө.