Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV.
Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков Киев көчөсүнө мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады.
«Өткөн жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүп алдык. Быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси турат. Анын убагында экономика 2 эсе өскөнүн жакшы билебиз. Мамлекеттин өнүгүшүнө анын эмгеги чоң. Өкмөт даярдыктарды көрүшү керек. Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө, Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө Усубалиевдин атын берүүнү сунуштайм», — дейт ал.