Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иш боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, журналисттердин иликтөөлөрүнө карабастан, Райымбек Матраимовдун өзүнө карата дагы деле кылмыш иши козголгон жок.
«Финансы полициясы жана Финансылык чалгындоо кызматы 700 млн доллардын өлкөдөн чыгарылышына Матраимовдун эч кандай тиешеси жоктугун билдирген. Бирок, жакында аны УКМКга алып барып, кайра кое беришти. Керек болсо анын күнөөсү аныкталганын, келтирилген чыгым 2 миллиард сомду түзгөнүн, аны Матраимов төлөй баштаганын билдириши. Бул жерден суроолор туулат. Ал кайсы кылмыш иш боюнча кармалды? Кылмыш ишти ким козгоп, ким тергөө жүргүздү? 2 млрд сомдук чыгым кайдан чыкты?», — деди Дүйшөбаев.
Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 26-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бүгүн маалымат жыйын берди.