Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков вице-премьер-министрлердин иш-аракеттерине нааразы болду. Ал өкмөт мүчөлөрүнүн карапайым жарандарга карата бой көтөрүү менен мамиле кылып жатканын айтты.
Рыскелди Момбековдун билдирүүсүндө, Баткендин тургуну вице-премьер Жеңиш Разаковду агент деп атаганы үчүн гана кармашкан.
«Бир вице-премьер жашоо деңгээлинин жакшырышын эшек менен ченесе, дагы бири мугалимдердин галстук тагынбаганына нааразы болсо. Эгер галстук баткендиктердин жашоосун жакшырта турган болсо, анда бюджеттин эсебинен сатып алып берели», — деди Рыскелди Момбеков.
Соцтармактын колдонуучулары кечээ өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда айткандарына нааразы болушууда. Анда өкүл мугалимдерди галстук тагынбайсыңар деп жазалаган.
«Сиздер мугалимсиздер. Мен сиздер менен саламдашып, эмнени көрүп отурам? Силердин бириңерде да галстук жок экен. Сырткы келбетиңерди карасаңар», — деген Мадумаров.