• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Депутат Жумалиевдин Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча сот чечим чыгарды

6 Баш оона 202012:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин активист Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыкты. Бул тууралуу Govori.TVга депутаттын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Маалыматка ылайык,чечим Бишкектин Ленин райондук сотунда 6-августта чыккан.

“Ленин райондук соту Сыймык Жапыкеевдин буга чейин видео кайрылуу аркылуу тараткан маалыматтарын чындыкка дал келбейт деп тапты. Ошондой эле Жумалиевдин Жапыкеевге карата берген доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүп алуу тууралуу чечим чыкты”,-деди жактоочу.

Эске салсак, депутат Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн болчу.

Количество просмотров: 1050