• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

“ЭкоИсламик банкты” тоноо фактысы боюнча шектүүлөр аныкталды

16 Бештин айы 201913:36 Бишкек Govori.TV

 “ЭкоИсламик банкты” тоноо фактысы боюнча шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев маалымат жыйынында журналисттерге билдирди.

Ал өз сөзүндө, ыкчам-тергөө топ түзүлүп, шектүүлөр аныкталганын айтып, аталган иш боюнча  толук маалымат кийин бериле тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Бишкекте 26-ноябрь күнү белгисиз эки адам банктын бөлүмүнө кирип, күзөтчүлөрдүн биринен күч колдонуу менен каражаттарды алып, качып кетишкен.

Количество просмотров: 156