Эртең Бишкектин айрым аймактарына таза суу жок болот (тизме)
Эртең Бишкектин айрым аймактарына таза суу жок болот (тизме)
9 Жалган куран 202017:37 Бишкек Govori.TV
Эртең, 10-мартта Бишкек шаарынын айрым аймактарына таза суу берүү чектелет. Саат 9:00дөн тарта 17:00гө чейинки чектөөлөр оңдоо иштери менен байланыштуу, деп маалымдайт мэрия.
Эне-Сай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында:
№9 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
№21, №94 мектептерде;
Орхон көчөсүндөгү №2, 2-а, 4 даректе жайгашкан бала бакчаларда;
«Бегимай Дордой» жеке менчик бала бакчада;
№20 китепканада;
№6, №7 участкалык милиция пункттарында;
№ 21 муниципалдык аймактык башкармалыгында;
Свердлов райондук коомдук-профилактика борборунда таза суу жок болот.
Бул күнү суу өчүрүлө турган билим берүү мекемелери иштебейт. Ал эми медициналык мекемелер штаттык режимде иштеши керек. Чукул кырдаал үчүн суунун запасы даярдалат.