• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Эртең Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчөт

6 Жалган куран 2023 16:15 Бишкек Govori.TV

Эртең, 7-мартта Бишкектин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштардагы турак жай имараттары, мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик объектилери жана өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Суу «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдардан жана калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 73