Эртең, 17-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волкова, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу болбойт.
«Киркомстром суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуутурак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат»,-деп айтылат маалыматта.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.