• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Эски галстук, эки тараптуу мамиле …

28 Жалган куран 2019 18:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.03.2019.Govori.TV


Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.

 «Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Орусиянын президенти Владимир Путин адаттагыдай эле өзү менен кошо ала келген унаасы менен Бишкек шаарын кыдырып өттү.

Коомчулукта Путиндин галстугу талкууга түштү. Орусиянын ажосу АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушууга тагынып барган галстугун Кыргызстанга да тагынып келген.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында уланып, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, желектери илинди. Салтанаттуу жолугушууда Путин аскерлер менен кыргыз тилинде саламдашты.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай мамлекеттик резиденцияга жаңы мрамордан жасалган сүйлөшүү жайы курулганын байкоого болот.

Андан соң эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүү үчүн, чакан чөйрөдөгү жолушууга бет алышты. 3Мындай кийин сүйлөшүүлөр кеңири форматта эки тараптын делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланды. Жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашты.

Орусиядан келген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да өз ойлору менен бөлүшүштү.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу пландалган. Жолугушуунун алкагында Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койду. Маалыматка ылайык, мындан мурун эки өлкөнүн президенттеринин 30дай документке кол коюшаары кабарланып жаткан.

Теги:
Количество просмотров: 10