Дүйнөнү каптаган коронавирус менен Кыргызстандын алышканына бүгүн 40 күн толду. Өлкөдө коронавирустун кесепетинен 25-марттан 30-апрелге чейин карантин жарыяланган. Бул учурда ырчы мырзалардан башталган чач кырдыруу эстафетасы айымдарга жетти. Алардын бири белгилүү этно ырчы айым Гүлзада Рыскулова инстаграмдагы өздүк баракчасына чачын кырдырган сүрөтүн жарыялады.
“Аман болсок чачым кайра эле чыгаар. Буюрса баары жакшы болот»,-деген билдирүү калтырды.
Ырчы айымга күйөрмандары “сиз ооруп жатасызбы, эмне себептен чачыңызды кырдырып салдыңыз?” деген суроолоруна Рыскулова: “менде баары жакшы” деп жооп кайтарган.